YTB чет өлкөлөрдө COVID-19 менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүүдө

YTBнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, Башкармалык чет өлкөдөгү атуулдарын пандемияга каршы күрөшүүсүндө өлкөлөрүндө жүргүзгөн ыктыярдуу иш-аракет жана акцияларга колдоо көрсөтүүдө.

1405553
YTB чет өлкөлөрдө COVID-19 менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүүдө

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында уюштурган «Диаспора COVID-19 колдоо жана кызматташтык программасынын» алкагында чет өлкөдө жашаган атуулдар жана алар түзгөн жарандык коомдук уюмдар менен кызматташтыктын алкагында бет кап жана фартук өндүрүү сыяктуу ар түрдүү тармактарда иштери жүргүзүлүүдө.

YTBнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, Башкармалык чет өлкөдөгү атуулдарын пандемияга каршы күрөшүүсүндө өлкөлөрүндө жүргүзгөн ыктыярдуу иш-аракет жана акцияларга колдоо көрсөтүүдө.

Ушул алкакта муктаждарга жардамдар жеткирилип жатканда Түркиянын жарандык коомдук уюмдары өндүргөн бет кап жана фартуктар да тийиштүү өлкөлөрдөгү бейтаптарга тапшырылууда.

YTB баштаган колдоо программасынын алкагында Францияда ишин жүргүзгөн Колмар дин иштери Түрк Ислам биримдиги (DİTİB) коомунун ыктыярдуулары, чөйрөдөгү ооруканалардагы кызматкерлер үчүн социалдык аралыкка көңүл буруп бет кап жана фартук өндүрүүсүн улантууда. Бүткөрүлгөн алгачкы бет кап жана фартук партиясы Мюлуз ооруканасына тапшырылат.

Колмар коому тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында аймактагы картаңдар үйлөрү жана пандемиянын себебинен тыгыз иштеген жергиликтүү полиция менен өрт өчүргүч кызматкерлерине да ар түрдүү тейлөөлөр сунушталууда.

YTBдан алынган маалыматка караганда ушул алкакта Бергеймдеги Les Proximelles карылар үйүндөгү улгайгандарга колдоо көрсөтүү үчүн сый тамак берилди. Аймакта кызмат кылган жергиликтүү полиция жана өрт өчүргүчтөргө пицца таратылды.



Тектеш кабарлар