Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчү

Бүгүн 3246 киши айыгып чыкты.

1404779
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчү

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 2600гө  жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда акыркы 24 саатта 109 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 2600гө жогорулады.

Ушул эле мөөнөттө 38 миң 351 кишиге тест жасалып, анын ичинен 3 миң 122 кишиде вирус аныкталды.

Бүгүн айыгып чыккан 3246 киши менен бирге  айыгып чыккандардын жалпы саны 21 миң 737ге жеткени маалымдалды.

 


Этикеткалар: #Covid-19 , #Түркия

Тектеш кабарлар