Бүгүн 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамы менен ТУУЖдун ачылган күнү

ТУУЖ төрагасы Мустафа Шентоп, Парламенттин ачылышынын 100 жылдыгы боюнча аземдердин алкагында Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коет, Мавзолей жана Алгачкы Парламент имаратында боло турган эскерүү аземине катышат.

1403839
Бүгүн 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамы менен ТУУЖдун ачылган күнү

Бүгүн 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамы менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынын (ТУУЖ) ачылганынын 100 жылдыгы майрамдалууда.

ТУУЖ төрагасы Мустафа Шентоп, Парламенттин ачылышынын 100 жылдыгы боюнча аземдердин алкагында Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коет, Мавзолей жана Алгачкы Парламент имаратында боло турган эскерүү аземине катышат.

Шентоп, атайын күн тартип менен чогула турган ТУУЖдун Жалпы жыйынын жетектейт, Парламентте боло турган фейерверк, жарыктадыруу жана лазердик көрсөтүүлөрдү көрөт.

Вице-президент Фуат Октай менен Жумхурийет Элдик партиясынын (ЖХП) башкы жетекчиси Кемал Кылычдароглу да Аныткабир жана Алгачкы Парламент имаратында боло турган эскерүү аземдерине жана атайын күн тартип менен чогула турган Парламенттин жалпы жыйынына катышат.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, Аныткабирдеги аземге жана атайын күн тартип менен чогула турган ТУУЖдун Жалпы жыйынына катышат.

 



Тектеш кабарлар