Түркиянын жардамдары Колумбия,Черногория жана Суданга жеткирилди

Түркиянын дүйнөнүн ар тарабына жардам берүүсү уланууда.

1402569
Түркиянын жардамдары Колумбия,Черногория жана Суданга жеткирилди

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы колдонулушу үчүн Колумбияга берген медициналык жардам каражаты бул өлкөнүн расмий макамдарына тапшырылды.

Колумбиянын борбор шаары Боготадагы ооруканага айландырылган жармаке аянтында Колумбиянын мамлекет башчылыгынын кызматташтык агенттиги (APC) уюштурган иш-чарага Түркиянын Боготадагы элчиси Эже Өзтүрк Чил,ТИКАнын Боготадагы программа координатору Мехмед Шүкрү жана Боготанын мэри Клаудия Лопес катышты.

Элчи Чил: «Бул татаал убактарда Түркиянын достук колун Колумбия калкына сунушунун символу болуп саналат бул жардам. Багыштообуз менен оорукана төшөктөрүндө жаткан ар кимдин айыгып чыгышын тилейбиз»,-деди.

Боготанын мэри Лопез болсо: «Түркия өкмөтү жана Элчилигине чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул жер үчүн эң көп төшөк жардамын берген алар болушту»,-деп айтты.

Иш-чарада пандемия менен күрөшүүдө колдонулушу максаты менен азык-түлүк пакеттери менен катар 250 оорукана төшөгү жана медициналык каражаттары тапшырылды.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) болсо Ковид-19 пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында Черногориянын Тузи шаарында жашаган 300 үй-бүлөгө азык-түлүк жана тазалык каражаттары жардамын берди.

Жардам жеткирилген муктаждар Түркия жана ТИКАга ырахматын айтышты.

Судандагы Түрк расмий мекмелери жана жарандык коомдук уюмдар  да рамазан айында өлкөнүн төрт тарабындагы муктаждарга кайрымдуулардын багыштоолорун жеткирет.

Түрк Кызылайы, Түркиянын диний фонду(TDV), Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) менен Адам укук жана эркиндиктери гуманитардык жардам фонду да арасында болгон ондон ашуун жардам мекемеси 17 миң азык-түлүк кутусун таркатып миңдеген адамдын жүзүн жылмайтты.



Тектеш кабарлар