Мевлүт Чавушоглу : "БУУнун Коопсуздук Кеңеши коронавирус маселесин колго алууда кеч калды"

Чавушоглу : «Бул эпидемия биздин күчсүз болгон жактарыбызды ортого чыгарды. Ошол эле учурда күчтүү тарабыбызды да көрсөттү».

1398541
Мевлүт Чавушоглу : "БУУнун Коопсуздук Кеңеши коронавирус маселесин колго алууда кеч калды"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жаңы тип коронавирус маселесин колго алууда кеч калгандыгын белгиледи.

Министр Чавушоглу борбору Вашингтон DC болгон ой мекемелери Atlantic Council жана Түрк Мурас Фонду биргелеше өткөргөн жана видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн «Эртеңки күндү белгилөө үчүн бүгүн эмне аткаруу керек?» деген панеллде Түркиянын Ковид  - 19 эпидемиясы менен күрөшү тууралуу сөз кылды.

Ковид  - 19 эпидемиясынын бүткүл дүйнө үчүн бир «стрес тести» болгондугун белгилеген Чавушоглу : «Бул эпидемия биздин күчсүз болгон жактарыбызды ортого чыгарды. Ошол эле учурда күчтүү тарабыбызды да көрсөттү»,- деди.

Чавушоглу Түркиянын ар дайым БУУнун Коопсуздук Кеңешинде реформанын жасалышын жактап келгендигин белгилеп : «БУУнун Коопсуздук Кеңеши жаңы тип коронавирус маселесин колго алууда кеч калды»,- деди.

Ковид  - 19дун Сириянын Идлиб шаарындагы абалды дагы да начарлаткандыгын айткан Чавушоглу : «Сирия менен Идлиб үчүн кеч болбостон эл аралык коом аракетке өтүшү керек»,- деп чакыруу салды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Ковид  - 19 эпидемиясы коркунучуна башынан эле олуттуу карагандыгын жана эрте аракетке өткөндүгүн белгилеп : «Өзүбүздүн медициналык каражаттарга муктаж болгонубузга карабастан Британия, Италия жана Испания сыяктуу негизги союздаштарыбыз да араларында болгон 34 өлкөгө жардам бердик»,- деди.

Түркиянын эпидемия менен күрөшүүдө түрдүү тармактарда бир топ чара көргөндүгүн эске салган Чавушоглу бул кадамдардын Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адхамон Гебрейсус тарабынан да колдоого алынгандыгын айтты. Чавушоглу : «Ушул кезге чейин 104 өлкөдөн жардам талабы келди. Бирок азыркы учурда тилекке каршы баарынын талабын камсыз кыла албайбыз. Ошого карабастан Кытай жана АКШдан кийин дүйнөдө эң көп жардам берген үчүнчү өлкөбүз»,- деди.

НАТОнун Ковид  - 19 эпидемиясында алган ролун баса белгилеген Чавушоглу : «Ковид  - 19 мезгилинде НАТОнун эң түшүмдүү платформалардын бири болууну улантарына жана бул эпидемиядан күчтүү түрдө чыгарына ишенебиз. НАТО азыркы учурда күчтүү биримдик экендигин далилдеди»,- деп билдирди.

Ковид  - 19 кризисинде Түркиянын Европа Биримдиги менен да диалогду уланткандыгына көңүлдөрдү бурган Чавушоглу биримдик тууралуу көптөгөн маселе болсо да бул орчундуу мезгилде карым  - катнаштарда дагы кенен көз караштын болушу керектигин айтты.

Чавушоглу Россия тууралуу карым  - катнаштарга да токтолду. Россия менен Сирия, Украина жана Ливия тууралуу маселелерде карама – каршы болсо да бир топ тармакта кызматашууларынын бар экендигин эске салды. Чавушоглу АКШнын да Түркиянын маанилүү  союздашы экендигин жана бул өлкө менен бир топ тармакта бирге иштешкендерин айтты.

Бир тараптан Чавушоглу Ливиядагы абалдар тууралуу да козголоңчу Халифе Хафтердин кол салууларды улантып жаткандыгын,  эл аралык коомчулуктун Хафтер жана колдоочуларына ок атышпоо жана кол салуулардын токтотулушу тууралуу кысым жасашы керектигин белгиледи.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иш аракеттерине да токтолгон Чавушоглу Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу диалог столунун курулушу керектиги тууралуу БУУ, Европа Биримдиги менен Грецияга чакыруу салганына карабастан Грециянын Түркияга каршы лобби аракеттерине киришкендигин эске салды.

Чавушоглу Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалуунун түшүрүлүшү үчүн диалогго ачык экендерин кайталап, болбосо үчүнчү бургулоо кемеси «Канунини» аймакка жиберишерин сөздөрүнө кошту.

 

 

 



Тектеш кабарлар