Президент Эрдоган еврей жарандарды Пасха майрамы менен куттуктады

Эрдоган : «Тынчтык ичинде жашаган еврей жарандарыбызды жана бардык еврейлерди майрамы менен куттуктайм»,- деди.

1394582
Президент Эрдоган еврей жарандарды Пасха майрамы менен куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган Пасха күнүнө карата билдирүү жарыялады. Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка ылайык президент Эрдоган билдирүүсүндө : «Пасха майрамынан улам коомдогу адамдардын бири бирине карата урмат- сыйдын, тынчтыктын жана бейпилдиктин негизи экендигин дагы бир жолу баса белгилегим келет»,- деди.

Еврей жарандарын Пасха майрамы менен куттуктаган президент Эрдоган : «Өлкөбүз бүткүл дүйнөгө жайылган Ковид- 19 эпидемиясы менен күрөшүп жатып улуу элибиз дагы бир жолу биримдик менен бардык кыйынчылыкты жеңе аларын көрсөттү. Бул аң- сезим менен «Биз өзүбүздү өзүбүз багабыз Түркиям» деп баштаган улуттук тилектештик акциясына колдоо берген еврей жарандарыбызга да ыракмат айтам, бардык жарандарыбыздын биргеликте келечекке карай басышы өлкөбүздү эртеңки жарык келечекке алып барат. Тынчтык ичинде жашаган еврей жарандарыбызды жана бардык еврейлерди майрамы менен куттуктайм»,- деди.



Тектеш кабарлар