Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирандын башкы штабынын төрагасы менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар эпидемиянын дагы көп зыян беришине токсоол болуу максатында вируска байланыштуу маалымат жана тажрыйбаларды бөлүшүүгө даяр экендерин айтты.

1392961
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирандын башкы штабынын төрагасы менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирандын башкы штабынын төрагасы Мухаммед Багери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Улуттук коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Акар сүйлөшүүдө биринчи Ковид  - 19 жуккан киши чыккандан тарта ылдамдык мене жана чечкиндүүлүк менен чаралардын көрүлө баштагандыгын белгиледи. Улуттук мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрдү колдонуу менен жергиликтүү каражаттарды  чыгаруунун улантылып жаткандыгын белгилеген Акар министрликтин ушунун негизиндеги көлөмүнүн да күн өткөн сайын чоңоюп бараткандыгын белгиледи.

Көрүлүшү мүмкүн болгон кошумча чараларды белгилөө жана эпидемиянын дагы көп зыян беришине токсоол болуу максатында эки өлкөнүн ортосундагы аракеттердин координацияланышы жана өлүмчүл вируска байланыштуу маалымат жана тажрыйбаларды бөлүшүүгө даяр экендерин баса белгилеген Акар муктаждык боло турган болсо чыгарылган жергиликтүү жана улуттук медициналык каражаттарды дос Иран элине жеткирүү үчүн даяр экен экендигин билдирди.



Тектеш кабарлар