Саламаттык сактоо министри коронавирус менен күрөшүүнү Европа өлкөлөрү менен салыштырды

Видеодо Европа базасында коронавируска каршы көрүлгөн чаралардын күнүңкүсү күнүнө көрсөтүлгөн.

1392855
Саламаттык сактоо министри коронавирус менен күрөшүүнү Европа өлкөлөрү менен салыштырды

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа  Түркияда жаңы тип коронавирус менен күрөштө изоляцияда ийгиликтүү боло турган болсо эрте чара көрүү мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен пайдаланууга болорун айтты. Кожа твиттер эсебинен Түркия менен Европа өлкөлөрүндө коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде көрүлгөн чаралар салыштырылган видео жарыялады. Видеодо Европа базасында коронавируска каршы көрүлгөн чаралардын күнүңкүсү күнүнө көрсөтүлгөндүгүн белгилеген Кожа : «Европа өлкөлөрүнүн ичинде эрте чара көргөн бизбиз. Изоляцияда  ийгиликтүү боло турган болсок эрте чара көрүүнүн мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен пайдалана алабыз»,- деди.

Видеодо : «Европа өлкөлөрү жаңы тип коронавирус эпидемиясынын жайылышын алдына алууга карата массалык өлчөмдүү чараларды өз өлкөлөрүндө биринчи бейтаптар ортого чыккандан кийин өткөн 39 – 54 күндө  көрө баштаган болсо Түркия биринчи бир канча күндө аракетке өттү»,- деп билдирилди. Ушуга караганда биринчи бейтаптар Францияда 24 -  январда, Германияда 28 -  январда, Италия, Испания жана Британияда 31 -  январда, Түркияда  11 -  мартта каттоого өттү.

Мектептер менен университеттер биринчи бейтаптардын ортого чыгышынан кийин Италияда 39, Испанияда 40, Британияда 47, Германия менен Францияда 49, Түркияда 1 күндөн кийин жабылды.

Кишилер топ болуп жүргөн жерлер Италияда 41, Испанияда 43, Британияда 49, Германияда 48, Францияда 50 күндөн кийин жабылган болсо Түркияда 14 күндөн кийин 15 -  мартта жабылды.

Коомчулукка ачык иш чаралар Италияда 39, Испанияда 41, Британияда 42, Германияда 45, Францияда 48,Түркияда 1 күндөн кийин чектелди.

Кенен масштабдуу саякат жана транспортко Италияда 39, Испанияда 43, Британияда 53, Германияда 39, Францияда 53, Түркияда биринчи бейтап чыккандан 2 күндөн кийин 13 -  мартта чектөө киргизилди.



Тектеш кабарлар