Чавушоглу чет өлкөдөгү атуулдарга "үйдө бол" чакырыгын салды

Чавушоглу, социалдык медиа барагы Твиттерден, «Биз үчүн баалуусуз! Кооз өлкөбүздө кайрадан жолугушуу, туулuан жердин сагынычын соңуна чыгарыш үчүн үйдөн чыкпа!» жана «Турмуш үйгө батат, үйдө бол, биргеликте жеңебиз» этикеткалары менен видео бөлүштү.

1387092
Чавушоглу чет өлкөдөгү атуулдарга "үйдө бол" чакырыгын салды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, чет өлкөдө жашаган Түрк атуулдарынан жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) чара көрүүлөрүнүн алкагында жашап жаткан өлкөлөрүндө үйлөрдөн чыкпоо чакырыгын салды.

Чавушоглу, социалдык медиа барагы Твиттерден, «Биз үчүн баалуусуз! Кооз өлкөбүздө кайрадан жолугушуу, туулuан жердин сагынычын соңуна чыгарыш үчүн үйдөн чыкпа!» билдирүүсү менен жана «Турмуш үйгө батат, үйдө бол, биргеликте жеңебиз» этикеткалары менен видео бөлүштү.

Билдирүүсүндө мекенинен миңдеген чакырым алыстыкта жашаган абдан баалуу атуулдарга жана тектештерге үн каткан Чавушоглу: «Түркиядагы атуулдарыбыз сыяктуу сиздер дагы биз үчүн баалуусуз, маанилүүсүз. Сизден сураныч бүгүнкү күндө зарылдык болмоюнча үйлөрүңүздөн чыкпаңыздар»,-деди.

Чавушоглу, видео билдирүүсүндө буларга токтолду: «Элчиликтерибиз, Башкы консулдуктарыбыздын жана жашаган өлкөлөрдөгү жооптуу кызматкерлердин эскертүүлөрүнө көңүл буруңуздар. Ар дайым болгону сыяктуу татаал күндөрдө дагы чет өлкөдөгү миссияларыңыздарды өз үйүңүз катары сезиңиздер. Кай бир темада муктаждыгыңыз болсо биз миссияларыбызга, нөөмөттөгү телефондорубузга, Анкарада 7 күн 24 саат кызмат кылган кайрылуу борборлорубузга жана бизге түздөн-түз байланышка чыгыңыздар. Сиздерге эне мекенден терең сүйүү жана урматтоолорду жолдоймун. Кудай сактасын».

Чавушоглунун бөлүшкөн видеосунда айрым тышкы өкүлчүлүктөрдө кызмат кылган элчи жана башкы консулдар дагы чет өлкөдөгү атуулдарга «Үйдө бол» жана «Турмуш үйгө батат» чакырыгын салды.



Тектеш кабарлар