Коопсуздук күчтөрүнө багынып берген террористтердин саны көбөйдү

Көндүрүү иштеринин негизинде багынып бергендердин саны 63кө жетти.

1379652
Коопсуздук күчтөрүнө багынып берген террористтердин саны көбөйдү

Сирияда «Евфрат калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 2 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Евфрат калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 2 террорист, баатыр десанттарыбыз тарабынан жок кылынды. Аймактагы тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышы үчүн операцияларыбыз үзгүлтүксүз уланат»,-деген сөздөргө орун берилди.

Бир тараптан Ички иштер министрлиги тарабынан жарыяланган маалыматта, Агрынын коопсуздук чалгындоо жана террор менен күрөшүү боюнча директорлуктарынын көндүрүү иштеринин негизинде «Толхилдан Азат» каймана аттуу Рамазан Гүчердин Мардинде коопсуздук күчтөрүнө багынып бергендиги кабарланды.

Билдирүүдө ушундайча быйылкы жылы көндүрүү жолу менен багынып бергендердин саны 63кө жеткендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар