Түркия-Греция чек арасындагы качкындар үмүттөрүн үзбөй күтүп олтурушат

Европага барууну каалаган качкындар Греция чек арасынан өтө албай турушат.

1374625
Түркия-Греция чек арасындагы качкындар үмүттөрүн үзбөй күтүп олтурушат
edirne siginmacilar.jpg
edirne siginmacilar.jpg

Стамбул менен катар бир канча шаардан Эдирнеге барган качкындар Европага өтүүгө аракет кылышууда.

Качкындар кургактыкка караганда дарыя өткөөлдөрүн көбүрөөк колдонуп жатышат.

Алардын айрымдары «балким Греция каалгаларын ачышы мүмкүн» деген үмүт менен Пазаркуле-Кастаниес чек ара бекеттеринин ортосундагы бейтарап аймак жана жанындагы бак-дарактуу аянтта күтүүлөрүн улантып жатат.

Түндү ушул жерлерге курган чатырларда өткөргөн 3 миңден ашуун качкын, оор шарттарда күрөшүп жатышат. Түнкүсүн суук аба ырайы балалуу үй-бүлөлөргө көбүрөөк таасирин тийгизүүдө.

Эдирне губернаторлугунун координациясында Облустук миграция башкармалыгынын директорлугу тарабынан качкындарга 3 маал тамак-аш таркатылууда.

Кастаниес чек ара бекетинин алдына тикенектүү зым тосмолор менен барикада курган Грециянын коопсуздук күчтөрү качкындарга суу чачып, кээде үн жана көздөн жаш агызуучу бомба ыргытып жатышат, кээде болсо ок колдонушууда.

Греция чек ара күчтөрүнүн аткан огунан жаракат алгандар жана өлүмдөр да болуп жатат. Желим октун ичине дагы жакшы тийиши үчүн зым жайгаштырылышы да Грециянын таш боордугун ортого салууда.



Тектеш кабарлар