Тышкы иштер министри Чавушоглу бурундилик кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : "Биргелешкен экономикалык комиссия жана Иш кеңешин да эң кыска убакытта чогултабыз»,- деди.

1373574
Тышкы иштер министри Чавушоглу бурундилик кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бурундинин тышкы иштер министри Эзечил Нибигира менен Стамбулда жолугушту. Чавушоглу жолугушуу тууралуу твиттерден маалымат берди.

Чавушоглу : «Өткөн жылы элчилик ачкан Бурундинин тышкы иштер министри Эзечил Нибигира менен сүйлөштүк. Дос Бурунди менен карым  - катнаштарыбызды бардык тармакта өнүктүрүүдөбүз. Биргелешкен экономикалык комиссия жана Иш кеңешин да эң кыска убакытта чогултабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар