Түркия Тажикстандын президентин куттуктады

1 - мартта Тажикстанда парламенттик шайлоо болуп өткөн.

1372517
Түркия Тажикстандын президентин куттуктады

Түркия парламенттик  шайлоодогу ийгилигинен улам Тажикстандын президенти Имамали Рахмон жана лидери болгон Элдин демократиялык партиясын куттуктады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «2020 -  жылы 1 -  мартта болгон парламенттик шайлоонун дос Тажикстанга пайдалуу болушун каалайбыз. Шайлоодо  жетишилген ийгиликтен улам президент Имамали Рахмонду жана лидери болгон Элдин демократиясы партиясын куттуктайбыз»,- деп билдирилди. Маалыматта шайлоонун өлкө масштабында тынчтык ичинде жана 86,4 пайыздык жогорку катышуу катнашында өткөндүгү да баса белгиленди.

Президенттик система менен башкарылган Тажикстанда парламент Өкүлдөр парламенти жана Улуттук парламенттен турат.

Тажикстан парламентинин астыңкы канаты болгон Өкүлдөр парламенти 63 депутат, 3 айда бир чогулган Улуттук Парламент болсо 33 мүчө жана мурунку президенттерден турат.

Өлкөдө 1 -  мартта өткөн шайлоодо Элдин демократиясы партиясы добуштардын 50, 4 пайызын алган. Улуттук Парламент мүчөлөрү 27 -  мартта боло турган шайлоодо белгиленет.



Тектеш кабарлар