Сүлейман Сойлу Түркия  - Греция чек арасында абадан иликтөө жүргүздү

Европага барууну каалаган качкындар Мерич  дарыясы аркылуу Грецияга өтүүнү улантууда.

1372540
Сүлейман Сойлу Түркия  - Греция чек арасында абадан иликтөө жүргүздү

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу грек полициясынын качкындарды артка карай кайтарууларына тоскоол болуу үчүн Мерич чек арасына атайын полициядан 1000 полициянын жиберилгендигин билдирди.

Сойлу Эдирнеде Түркия – Греция чек арасындагы качкындардын кыймылдуулугу менен аймакты абадан иликтеди андан кийин губернаторлукта брифинг алды. Андан кийин журналисттерге маалымат берген Сойлу 13970 кишинин Эдирнеден Грецияга өткөндүгүн белгилеп, Грециянын үй  - бүлөлөргө тоскоол болуу үчүн олуттуу түрдө бадарга  кол салгандыгын да айтты.

Сойлу  грек тарабынын катуу мамилеси менен 3 кишинин каза болгондугун, 164 кишинин жаралангандыгын белгиледи.

Грециянын өткөн жылы Фетуллахчы террордук уюмдун 7300, андан мурунку жылы 7600 мүчөсүн кабыл алгандыгын айткан Сойлу буга үн катпагандардын бүгүн бардык адамзаттык укугу менен бул жерде баш калкалоо талап кылгандарга толугу менен адамзаттык тышы мамиле кылынгандыгын белгиледи.

Сойлу буларды айтты : «Артка кайтарууга тоскоол болуу үчүн толук камсыздалган атайын полициядан 1000 полицияны эрте менен Мерич чек арасына жибердик жана ал жерде адамдарга жаман мамиле кылгандарга мүмкүнчүлүк берилбейт. Алардын эл аралык эрежени бузуу менен ишке ашкан бир топ кыймылдарына тоскоол боло ала турган деңгээлде өз чектерибизди ушул себеп менен кайра кайтаруудан куткара ала турган деңгээлде керектүү чараларды көргөнүбүздү айткым келди».

Ошол эле учурда Европага барууну каалаган качкындар Мерич  дарыясы аркылуу Грецияга өтүүнү улантууда.

Айдындын Кушадасы районуна жакын жерлерде болсо грек жээк коопсуздук топтору тарабынан түрк сууларына карай түртүлгөн 3 кайыктагы 130 качкынды түрк жээк коопсуздук топтору куткарган.



Тектеш кабарлар