Калын:«Москвага орток түшүнүк менен макулдашууга жетишүү үмүтү менен баратабыз»

Ибрахим Калын, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

1372358
Калын:«Москвага орток түшүнүк менен макулдашууга жетишүү үмүтү менен баратабыз»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусияга жасай турган сапары тууралуу, «Идлибде болгон жагдайлардын алкагында орток түшүнүк менен макулдашууга жетишүү үмүтү менен баратабыз»,-деди.

Ибрахим Калын, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

Калын, Эрдогандын бүгүнкү Орусия сапары тууралуу, «Идлибде болгон жагдайлардын алкагында орток түшүнүк менен макулдашууга жетишүү үмүтү менен баратабыз. Москвага бара жатканда негизги планыбыз Орусия Федерациясы менен 2018-жылы кол коюлган Идлиб меморандумунун алкагында шашылыш ок атпоонун камсыздалышы»,-деди.

Бул учурда Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Коопсуздук кеңешинин жыйналышын өткөрдү.

Кремлдин маалымат борборунун жарыясында Путиндин Орусиянын Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултканы маалымдалды.

Идлибдеги абал каралганы белгиленген маалыматта, «Айрыкча Орусия жана Түркиянын ортосундагы карым-катнаштар менен катар Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Москвага жасай турган сапарга карата даярдыктар сүйлөшүлдү»,деген маалымат бөлүшүлдү.


Этикеткалар: #Орусияга , #Идлибде , #Калын

Тектеш кабарлар