Эрдоган Москвага барып Путин менен жолукту
Жолугушууларда Түркия-Орусия карым-катнаштары менен катар Сириядагы акыркы абал, анын ичинен өзгөчө Идлиб тууралуу пикир алмашылат.
Президент Режеп Таййип Эрдоган иш сапары менен Орусиянын борбор шаары Москвага барды.
Эрдоган, Президенттик сарайы Кремлде кожоюн президент Владимир Путин тарабынан тосулуп алынды.
Эки лидер бетме-бет жолугушууга өтүүдөн мурда басма сөзгө кыскача маалымат берип, сүрөткө түшүштү.
Сөзүн Сирияда өткөн аптада шейит болгон Түрк аскерлери үчүн көңүл айтуу менен баштаган Путин, мындай окуялардын кайталанбоосу максатында процессти кылдат байкап жаткандарын билдирди.
Президент Эрдоган болсо, дүйнө жүзү учурда «Сириянын Идлиб аймагы үчүн таштала турган кадамдарды, чыгарыла турган туура чечимдерди» күтүп,байкап турушканын айтты.
Эки лидер андан соң бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларга өтүштү.
Жолугушууларда Түркия-Орусия карым-катнаштары менен катар Сириядагы акыркы абал, анын ичинен өзгөчө Идлиб тууралуу пикир алмашылат.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.
Террорго каршы күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.