Эрдоган менен Путин орчундуу Сирия жолугушуусун өткөрдү

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1372963
Эрдоган менен Путин орчундуу Сирия жолугушуусун өткөрдү
Erdoğan-Putin ortak basın toplantısı.jpg
erdogan putin.jpg
Erdoğan-Putin basın toplantısı.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Сириянын Идлиб аймагында бүгүн түн ортосунан тарта ок атпоо күчүнө кире турганын жарыялады.

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин ортосундагы орчундуу Сирия жолугушуусу соңуна чыкты.

Эрдоган жана Путин жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Орто эсеп менен 6 саатка созулган сүйлөшүү өткөргөндөрүн айткан президент Эрдоган, «Идлибде жашаган 4 миллион адамды террорист деп жарыялап оор бомбалоонун астында калтырылышын кабыл алышыбыз мүмкүн эмес эле. Режимден качкан 1,5 миллион аймактын калкы чек арабызга жыйылды. Түркия мындай коркунучтун болуп жатканда колу буту байланып кала алмак эмес»,-деп айтты.

Идлиб чыңалууну азайтуу аймагын курган 2018-жылдагы Сочи меморандумун бузган абалдардын биринчи даражадагы жооптуусунун кол салгычтыгы менен аймактын ырааттуулугун бутага алган Сирия режими болгонун айткан Эрдоган: «Режимдин аскерлерибизди бутага алган кол салуулары менен келген кайгылуу окуялардан кийин Идлибде жаңы статус түзүлүүсү качылгыс»,-деди.

Аймакта бүгүн түн ортосунан тарта ок атпоонун күчүнө кире турганын айткан Эрдоган: «Түркия бул процессте режимдин ар түрдүү кол салууларына бардык күчү менен аймактын толугунда жооп кайтаруу укугун коргойт»,-деп эскертти.

Кожоюн мамлекет башчысы Владимир Путин болсо, «Орчундуу абалдарда, жетишилген меморандумдарга таянып ар дайым макулдаша алчубуз. Чечүүчү жолду таба алчубуз. Бүгүн да ошондой болду»,-деп айтты.

Путин, Эрдоган менен жарандардын азап тартуусун соңуна чыгаруучу, ок атпоого себеп боло турган, гуманитардык жардамдар темасында илгерилөөнү камсыздоого жарай турган документ даярдагандарын айтты.

Владимир Путин быйыл үчүнчү ирет жолгушкан президент Эрдоганга сапарынан улам ырахматын да айтты.

Андан соң бир күн бою иштелип чыккан документ тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен орусиялык кесиптеши Сергей Лавров тарабынан окулду.

Документ; Идлибде ок атпоонун күчүнө кириши менен бардык аскердик кыймылдардын токтотулушун, М4 автожолунун түндүгү менен түштүгүндө 6 чакырым кеңдикте коопсуз тилке түзүлүүсүн, түрк-орус биргелешкен күзөттөрүнүн 15-мартта башталышын көздөйт.



Тектеш кабарлар