Челик:«Европа эми саясий өзүмчүл уюмга айланды»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, бул тууралуу Твиттер барагынан маалымат бөлүштү.

1371782
Челик:«Европа эми саясий өзүмчүл уюмга айланды»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн, Грецияны качкындарга ишке ашырган күч колдонуусунан улам айыптабагандарын белгилеп, «Булар эми саясий өзүмчүл уюмга айланды»,-деп айтты.

Өмер Челик, Твиттер барагынан берген маалыматында, «Европанын чек араларын коргоо үчүн Греция менен колдошуудабыз»,-деп айткан ким бар болсо, грек полициясынын жана аскеринин качкындарга ок атып (аларды) набыт кылуусунан жооптуу болгонун, ушундай адамзатка каршы өзүмчүлдүк көрүнбөгөнүн маалымдады.

ЕБнин жооптуу кызматкерлеринин эң жакшы көргөн сөзүнүн «тынчтануу» болгонун белгилеген Челик: «ЕБ, бардык адамзат сезимдеринен ажыраган түрдөгү биримдикке айланды. Саясий баалуулуктар жагынан дагы, адамзат баалуулуктары жагынан дагы сынактан өтө алышпай жатат. Эми кудум эле мааланын колдошуусу сыяктуу бул...Гректердин зомбулугуна колдоо көрсөтүшүүдө. Булар эми саясий өзүмчүл уюмга айланды. Качкындарды Европага киргизбөө үчүн мыкаачы грек зомбулугуна колдоо көрсөткөндөр, Европанын саясий баалуулуктарын дагы Европадан сүрүп чыгарышууда. Грециянын зомбулугуна көрсөткөн акчалай жана рухий колдоо сиздерге жарабайт. Европанын коркунучу болгон ашкере улутчулдарды мындан дагы күчтөндүрөсүңөр»,-деп кесе айтты.



Тектеш кабарлар