Министр Акар Жеффри менен Саттерфилдди кабыл алды
Делегациялар аралык сүйлөшүү өткөрүлдү.
1370746
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри жана АКШнын Түркиядагы элчиси Дэвид Саттерфилдди кабыл алды.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, улуттук коргоо министринин орун басары Юнус Эмре Караосманоглу менен Жеймс Жеффринин жетекчилигинде делегациялар аралык сүйлөшүү өткөрүлдү.
Жолугушууда Сириянын Идлиб аймагы менен катар эки тараптуу жана аймактык коопсуздук темаларында пикир алмашылды.
Делегациялар аралык сүйлөшүүдөн кийин министр Акар АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеффри жана АКШнын Анкарадагы элчиси Саттерфилдди кабыл алды.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.