Түркия Грецияга чакырык салды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Грециянын качкындарга болгон мамилесин сынга алды.

1370000
Түркия Грецияга чакырык салды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Грецияны качкындарга адамдык мамиле көрсөтүүгө чакырды.

Сойлу Сирия маселеси башталгандан ушул күнгө дейре өлкө катары эң биринчи түрк улутунун кең-пейилдүүлүгү жана мамлекеттин өз орду менен таштаган кадамдарынын негизинде дүйнөдө үлгү болуучу качкындар саясатын жүргүзгөнүн айтты.

Бул жүктү Түркиянын жалгыз өзү ташууга аргасыз болгонун, бул процессти абийирдүү башкаргандарын белгилеген Сойлу, учурда 3,6 миллион сириялыктан тышкары орто эсеп менен 4 миллион баш калкалоочунун кабыл алынгандыгын эске салды.

Сойлу ошол эле учурда Идлибде Түркия чек арасына жакын келген, өлүмдөн жана зулумдан качкан 1,5 миллион сириялыкка да гуманинардык жардам жеткерилгендигин билдирди.

Бир тараптан Эдирне чек арасында Грециянын коопсуздук күчтөрүнүн, башпаанек сурагандарга көздөн жаш агызуучу газ ыртыгып, адамдык сапатка жатпаган мамиле кылгандарын белгилеген Сойлу: «Европа Биримдигинин өкүлдөрү жана чет өлкөлүк жарандык коомдук уюмдар акыркы кырдаалдан кийин Греция чек арасына өкүлдөрүн жиберип качкындарга жасалган мамилени көрүүлөрү жана отчет берүүлөрү керек. Грециянын жетекчилерин 1951-жылдагы Женева жана Европанын адам укуктары келишимдери менен бирге бардык негизги мыйзамдык текстерге баш ийүүгө, эң маанилүүсү да адамдык мамиле кылууга чакырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар