Эрдоган:«Түркия белгилеген чектердин тышына чегинбеген учурунда ийиндеринин үстүндө баш калбайт»

Президент Эрдоган, башкы жетекчиси болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) борбор шаар Анкарада Облустук кеңешүү мажлисинин жыйналышына катышып сөз сүйлөдү.

1370211
Эрдоган:«Түркия белгилеген чектердин тышына чегинбеген учурунда ийиндеринин үстүндө баш калбайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Сирияда Башар Асад режим элементтеринин Түркия белгилеген чектердин тышына чыкапаган учурунда ийиндеринин үстүндө баш калбай турганын айтты.

Президент Эрдоган, башкы жетекчиси болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) борбор шаар Анкарада Облустук кеңешүү мажлисинин жыйналышына катышып сөз сүйлөдү.

Эрдоган, бул жердеги сөзүндө Сирияда Башар Асад режиминин кол салууларынан качкан миллиондогон баш калкалоочунун жүгүн туруктуу түрдө Түркиянын көтөрүүсү үчүн калтырылышына уруксат бербей тургандарын айтты.

Режимдин кол салууларына керектүү жооптуу кайтаргандарын баса белгилеген Эрдоган, ушул убакка дейре болгон режимдин адам жана техника жоготууларынын башталгыч эле экенин айтты.

Президент Эрдоган көзөмөл пункттарына болгон кол салуу коркутуулары тууралуу: «Болгондордон сабак албагандардын көзөмөл пункттарыбызга кол салуу коркутуусу, эстерине келе электигинин белгиси. Түркия белгилеген чектердин тышына чыкпай турган болсо көп өтпөй ийиндеринин үстүндө баш калбайт. Ар бири жаныбыздан бирден бөлүм болгон аскерлерибиздин өмүрүнө кастык кылгандарды жер менен жексен кылуу мойнубуздагы карызыбыз болуп саналат»,-деп айтты.

Сөзүндө Орусия жана Иранга дагы бир жолу үн каткан Эрдоган: «Сирияда биздин сиз менен кандайдыр бир маселебиз жок»,-деди.



Тектеш кабарлар