Түрк куралдуу күчтөрү режимге таандык эки учакты атып түшүрдү

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан «Учактарыбызга тийишкен режимге таандык Су-24 үлгүсүндөгү 2 учак атып түшүрүлдү»,деген маалымат берилди.

1369482
Түрк куралдуу күчтөрү режимге таандык эки учакты атып түшүрдү
rejim uçağı düşürüldü.jpg
uçak düşürüldü.jpg

Сириянын Идлиб аймагында режимге таандык эки учак атып түшүрүлдү.

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан «Учактарыбызга тийишкен режимге таандык Су-24 үлгүсүндөгү 2 учак атып түшүрүлдү»,деген маалымат берилди.

Министрликтин интернет барагынан берилген бөлүшүүдө, «Бир учкучсуз учуучу куралдуу аппаратыбызды атып түшүргөн абадан коргонуу системасы менен берки эки абадан коргонуу системасы жок кылынды, учактарыбызга тийишкен режимге таандык  Су-24 үлгүсүндөгү 2 учагы түшүрүлдү»,делди.

Бул учурда Түрк куралдуу күчтөрү Сирияда белгиленген режим буталарын ийгиликтүү жок кылуусун улантууда.

Идлибдеги операцияларда жок кылынган режим эелементтерине таандык жаңы көрүнүштөр бөлүшүлдү.

Видеолордо ТККнө таандык учкучсуз учуучу куралдуу аппараттар менен Серакиб, Шейх Ахмет, Эз-Зербе жана Талхиах аймактарында режимге таандык танк, зооттолгон аскер ташуучу унаа, танка аткыч жана унаалар менен режим аскерлери жок кылынганы орун алган.

 



Тектеш кабарлар