Эрдоган:«Түркия укуктуу күрөшүнөн эч качан качпайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Твиттер барагынан берген бөлүшүүсүндө Түркиянын бүгүнкүсү жана келечеги жагынан тарыхый жана маанилүү күрөш жүргүзүп жатканын белгиледи.

1369325
Эрдоган:«Түркия укуктуу күрөшүнөн эч качан качпайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын укуктуу күрөшүүсүнөн эч качан артка кайтпай турганын жана эч бир шейитинин канын жерде калтырбай турганын белгиледи.

Режеп Таййип Эрдоган, Твиттер барагынан берген бөлүшүүсүндө Түркиянын бүгүнкүсү жана келечеги жагынан тарыхый жана маанилүү күрөш жүргүзүп жатканын белгиледи.

Натыйжалары эң аз 100 жыл мурдагысы сыяктуу чоң боло турган күрөштүн, өлкөнүн жана улуттун кызыкчылыктарын коргой турган жеңиш менен чыгышы үчүн күнү-түнү дебестен иштерин уланткандарын маалымдаган Эрдоган, буларга токтолду: «Тарых бою жалаң басып алууларга, зулумдуктарга дуушар болгон бул аймакта күрөшүүдөн бир кадам артта турсак, биримдик жана ынтымагыбыздан кичине алыстасак абдан чоң чыгымдарга дуушар боло турганыбызды билип туруп иш-аракет кылуудабыз. Бул чоң күрөштү жүргүзүп жатканда  кандары менен бул жерлерди бизге мекен кылган бардык шейиттерибиздин дагы бир жолу жаткан жерлери жайлуу болушун тилеймин. Зулумдукка каршы акылуу күрөш акырына дейре уланат. Шейиттер дөбөсү бош эмес, бош калбайт.Түркия укуктуу күрөшүнөн эч качан качпайт. Эч бир шейитинин канын жерде калтырбайт. Эч бир чыккынчылыкты унутпайт. Улутубуз жаныбызда турганда бардык кыйынчылыктарды ашып өтүп, өлкөбүздү бурчка такай тургандарын ойлогондорго тарыхый сабак беребиз».


Этикеткалар: #Түркия , #Эрдоган

Тектеш кабарлар