Түркия Сириядагы режим буталарын түнү бою аткылады

Асад режимине таандык аскердик жайлар таамай атылды.

1368302
Түркия Сириядагы режим буталарын түнү бою аткылады

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан, Сириянын Идлиб аймагында Башар Асад режиминин кол салуусунан кийин режимге таандык жайлар түнү бою атылды.

Режим буталарынын абадан жана артиллериялык куралдар менен атылган учурлары, учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан көрсөтүлдү.

Көрүнүштөрдө режимге таандык зооттолгон унаа конвойлорунун, кыймылдуу буталардын, штаб жана ок-дары сактоочу жай катары колдонулган борборлордун таамай атылгандыгы көңүлдөрдү бурду.

Режим күчтөрүнүн Идлибдеги кечээки абадан кол салуусунан 33 аскер шейит болуп, 32 аскер да жаракат алган болчу.



Тектеш кабарлар