Түркия чек ара капкаларын ачарын билдирди

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой качкындардын Европага өтүшү үчүн Түркиянын чек ара капкаларын ачуусуна байланыштуу маалымат берди.

1368728
Түркия чек ара капкаларын ачарын билдирди

Түркия качкын жана качкындарга карата саясатында өзгөрүүнүн болбогондугун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой качкындардын Европага өтүшү үчүн Түркиянын чек ара капкаларын ачуусуна байланыштуу маалымат берди.

Сириянын Идлиб аймагында болгон жана жүз миңдеген кишинин жеринен кетүүсүнө себеп болгонакыркы абалдардын Түркияга карата көч кысымын дагы да арттыргандыгын эске салган Аксой : «Бул абалдар элибиз жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан иликтенүүдө. Өлкөбүздөгү качкындар таасирленүүдө. Акыйкаттан да абалдардан тынчсызданган өлкөбүздөгү кээ бир качкындар батыш чектерибизге карай жыла баштады. Абалдын нарчарлашы менен бул тобокелдик артуу менен уланат»,- деди. Катчы Аксой Түркиянын эң көп качкын алган өлкө экендигине басым жасап : «Качкындарга карата саясатыбызда өзгөрүү жок»,- деди.

Сирия режиминин кол салууларынан качкан Идлиб калкы Түркия чек арасында пайда кылган көч толкунунун кургактык жана деңиз жолу менен Европага өтүшүнө тоскоол болунбай тургандыгы, жээк коопсуздук жана чек ара коопсуздук топторуна керектүү жолдомонун берилгендиги билдирилген.



Тектеш кабарлар