Түркия "Хожалы кыргыны" жөнүндө билдирүү жарыялады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, армян күчтөрү тарабынан 613 күнөөсүз Азербайжан жаранынын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү эске салынды.

1366860
Түркия "Хожалы кыргыны" жөнүндө билдирүү жарыялады

Түркия Азербайжанда армяндардын 1992-жылдын 26-февралындагы Хожалы кыргынын жана Азербайжан жерлеринин көптөгөн жылдардан бери басып алуусун катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Армениянын аскердик бөлүктөрү тарабынан Тоолуу Карабахтын Хожалы шаарына карай кол салуусунда 106сы аял, 63ү бала жана 70и кары-картаңдан турган 613 күнөөсүз Азербайжан жаранынын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү эске салынды.

Бул окуяда 1000ден ашуун кишинин армян күчтөрү тарабынан барымтага алынгандыгы белгиленген билдирүүдө, дайынсыздардын абалынын болсо дагы деле белгисиз экенине басым жасалды.

Билдирүүдө буларга орун берилди: «Карапайым элге карай бул адамдык сапатка жатпаган кол салуу менен бирге, Азербайжандын жерлеринин басылып алынышынын себебинен миллиондогон Азербайжандык үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, өз өлкөсүндө качкын катары жарашап жатат. Дагы деле Азербайжандын жерлеринин 20 пайызы басып алуунун астында. Бул кыргынды жана Азербайжан жерлеринин көптөгөн жылдардан бери уланып жаткан басылып алынуусун катуу айыптайбыз. Азербайжандык туугандарыбыздын 28 жыл мурда Хожалыда дуушар болгон кыргындын кайгысын тең бөлүшөбүз. Бул окуяда каза тапкандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, бүтүндөй Азербайжан элине чын дилден дагы бир жолу көңүл айтабыз».



Тектеш кабарлар