Түндүк Иракта кызыл бюллетень менен изделген террорист жок кылынды

Операция, Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Улуттук чалгындоо уюму  тарабынан биргелеше ишке ашырылды.

1365907
Түндүк Иракта кызыл бюллетень менен изделген террорист жок кылынды

Жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын жалган Махмур-Керкүк провинциялык жооптуусу Яхия Думандын Ирактын Синжар аймагында ишке ашырылган операцияда жок кылынды.

Операция, Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана Улуттук чалгындоо уюму  тарабынан биргелеше ишке ашырылды.

Интерполь тарабынан кызыл бюллетень менен изделген «Сабри Тори» каймана аттуу Яхия Думандын террордук уюмга 1993-жылы кошулганы, Сиирт жана Шырнактын элет жерлеринде террордук кыймылдарды кылганы, 2016-жылы Мардиндеги Даргечит Дибекли коопсуздук пунктуна болгон кол салууну башкарганы аныкталды.

Операцияда жок кылынган террористтин ПККнын Ирактагы жалган атайын күчтөр мектептеринде жалган идеологиялык жана аскердик билим бергени, 2019-жылдан бери жалган Махмур-Керкүк провинция жооптуусу катары кызмат кылганы белгилүү болду.



Тектеш кабарлар