Түрк илимий тобу Антарктидада ишин баштады
GNSS станциясы Убактылуу түрк илим лагери болгон Хорсошей аралына 73 километр алыстыкка жайгаштырылды.
Антарктидага барган түрк илимпоздор тобу ишин баштады.
Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк илимпоздордон турган 24 кишилик топтон турган Карта боюнча башкы директорлуктун экспеттеринин Түркиянын чектеринин тышындагы алгачкы туруктуу GNSS станциясы глобалдык навигация спутнигинин системаларын Антарктидада кургандыгын жарыялады. GNSS станциясы менен Антарктидадагы жер формалары жана мөңгүлөрдөгү өзгөрүү иликтенет.
Станция Убактылуу түрк илим лагери болгон Хорсошей аралына 73 километр алыстыкка жайгаштырылды.
Топтун лидери профессор Эрсан Башар пландалган 15 долбоордун биринчисин ийгиликтүү аткарышкандарын айтып : «Тобубуз ушул кезге чейин эч бир тоскоолдукка учурабастан ийгиликтүү бара жатат. GNSS станциясын тобубуздун мүчөлөрү ийгиликтүү куруп, иштетип маалымат ала баштады»,- деди.