Белорусиялык инвесторлор Түркия экономикасына ишенет
Polesie фирмасынын белорусиялык өнөктөштөрүнөн Владимир Кивака Анадолу агенттигине Түркияга болгон ишениминен улам инвестиция салууда чечкиндүү экендерин билдирди.
Синопто Түркия - Белорусия өнөктөштүгү менен 5,5 миллион долларлык инвестиция менен курулган жана 72 өлкөгө оюнчук экспорттолгон заводдун белорусиялык өнөктөшү Владимир Кивака түрк экономикасына ишенгендигин баса белгиледи.
Белорусия Орусия жана Өзбекстандан кийин Синопто курулган завод менен Түркия базарына кирген Polesie фирмасынын белорусиялык өнөктөштөрүнөн Владимир Кивака Анадолу агенттигине Түркияга болгон ишениминен улам инвестиция салууда чечкиндүү экендерин билдирди.
Түркия базарынын олуттуу бир базар экендигин баса белгилеген Кивака Түркияда олуттуу потенциалдын бар экендигин да айтты.
Түркиянын күчтүү өлкө экендигине көңүлдөрдү бурган Кивака : «Түркия экономикасына ишенебиз.Түркияда базардын абдан чоң экендигин көрүп турабыз. Толугу менен ишенебиз жана бул жерде бардык нерсе эки тарап үчүн мыкты болот»,- деди.
Владимир Кивака Синопто 100 000 метр квадратты камтыган заводдун кеңейтилиши үчүн иштерди башташкандарын белгиледи.