Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү көбөйтүлөт

Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиеев Түркияда расмий жолугушууларды өткөрүүдө.

1362878
Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү көбөйтүлөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Өзбекстан менен импорт жана экспорттун көлөмдөрүн эң кыска мөөнөттүн ичинде 5 миллиард долларга жеткирүүнү максаттагандарын айтты.

Эрдоган жана расмий сапар менен Түркияга келген Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиеев, Президенттиктин комплексинде өткөрүлгөн бетме-бет жолугушуу жана андан соң жетекчилик кылышкан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Сөз сүйлөөсүнүн башында Өзбекстандын президенти Мирзиеевге «Тууганым» деп кайрылып жана конок президент менен делегациясын тосуп алгандары үчүн кубанычта экенин айткан Эрдоган, Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин биринчи жыйынынын өткөрүлүшү менен тарыхый кадам ташталгандыгын баса белгиледи.

Жолугушууларында эки тараптуу карым-катнаштардын жана кызматташтыктын бардык жолдорун карап чыккандарын билдирген Эрдоган: «Соода-сатык көлөмүбүз 2019-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 27 пайыз өстү. Соода көлөмүбүздүн 2,2 миллиард долларга жеткени албетте чоң жетишкендик болуп саналат. Эки өлкөнүн соодасында алгач ирет экспорт жана импорт көрсөткүчтөрүн ар бирибиз бир миллиард доллардан ашырдык, бирок дагы деле басып өтүлчү аралык бар. Урматтуу президент менен муну эң кыска мөөнөттүн ичинде 5 миллиард долларга жеткирүүнү максаттап жатабыз»,-деди.

Эрдоган конок лидер менен транспорт, энергетика, медицина, туризм, коргонуу өнөр жайы тармактарындагы кызматташтыкты жана аскердик алакаларды кантип өнүктүрсө болоору жөнүндө дагы пикир алмашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар