Мевлүт Чавушоглу : "Түркия менен орусия акыркы меморандум үчүн кызматташууну улантууда"

Чавушоглу Москвада делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин кошумча жыйындын өткөрүлүшү же өткөрүлбөшү тууралуу да караларын билдирди.

1361091
Мевлүт Чавушоглу : "Түркия менен орусия акыркы меморандум үчүн кызматташууну улантууда"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия жана Орусиянын Идлиб тууралуу акыркы меморандум үчүн кызматташуунун улантылып жаткандыгын белгиледи. Чавушоглу Орусиянын «Известия» гезитине Сириянын Идлиб шаарында акыркы мезгилдерде болгон абалдарга байланыштуу маалымат берди.

Идлиб тууралуу ташталышы керек болгон көптөгөн кадамдын бар экендигине көңүлдөрдү бурган Чавушоглу : «Түркия менен Орусия Идлибде акыркы меморандум үчүн кызматташууну улантууда. Бул тууралуу акыркы жоопту делегациябыздын Москвада өткөргөн жолугушуусунан кийин билесиздер. Сирия маселесинин Түркия жана Орусиянын ортосундагы кызматташууга таасир тийгизишине уруксат бербешибиз керек»,- деди.

Чавушоглу Москвада делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдөн кийин кошумча жыйындын өткөрүлүшү же өткөрүлбөшү тууралуу да караларын билдирди.

 



Тектеш кабарлар