Эрдоган: «Режимге каршы эмне керек болсо жасайбыз»

Президент Эрдоган, Пакистандан кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1360271
Эрдоган: «Режимге каршы эмне керек болсо жасайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түрк аскеринин Адана меморандумунун алкагында Сирияда жүргөнүн белгилеп, «Сиз ал жакка кантип баруудасыңыз, бул жер Сириянын территорииясы сыяктуу мамиле кылгандарга жооп болуп эсептелет»,-деди.

Эрдоган, Сирияда түрк аскеринин чалгындоо пункттарынын курулуусунун дагы Сочи меморандумуна таянганын баса белгиледи.

Президент Эрдоган, Пакистандан кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Идлибде Асад режиминин Түркиянын байкоочу пункттарын курчай баштаганын маалымдаган Эрдоган: «Үн катпай калышыбыз мүмкүн эмес, эмне керек болсо жасайбыз»,-деди жана аймакта бир аптанын ичинде режимге таандык эки тик учактын атып түшүрүлгөнүн, айрыкча режимдин чоң чыгымга учуратылганын баса белгиледи.

Эрдоган: «Режимге каршы күрөшкөндөр террорист эмес, Сириянын өзүнүн адамдары, жергиликтүү калкы. Бул адамдар өз жерлерин, өз үйлөрүн коргоонун күрөшүн кылып жатышат. Ал жерде жаран калк  учактар, тик учактар менен бомбаланууда. Буларга каршы (Батыштан) кымындай да үн катуу болгон жок»,-деди.

Эрдоган, Идлибден 1 миллионго жакын кишинин Түркия чек арасына карай кыймыл кылганын айтты.

Ливиядагы абалдар боюнча Орусияга каршылык көрсөткөн Эрдоган: «Хафтердин тарабында 2500 чакты Орусиянын Вагнери (жалданма аскерлер) бар. Вагнердин Орусиянын коргоо министри Шойгу жана башкалары менен жыйналыш өткөрүп жатканынын фотосүрөтү бар. Эми туруп алып биздин окуя тууралуу бул жагынан байланышыбыз жок дешүүдө. Ушул убакка дейре Орусия эң жогорку деңгээлде ал жердеги согушту башкарууда»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар