Р. Т. Эрдоган Түндүк Македонияда "эң көп жактырылган дүйнө лидери"

Жүргүзүлгөн сурамжылоодо Франциянын президенти Еммануэль Макрон акырында орун алды.

1359018
Р. Т. Эрдоган Түндүк Македонияда "эң көп жактырылган дүйнө лидери"

 Президент Р. Т. Эрдоган Түндүк Македонияда «эң көп жактырылган дүйнө лидери» болду.

Борбору Швеция болгон эл аралык изилдөө фирмасы Gallup International Association GIAнын мүчөсү Брима изилдөө агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда президент Эрдоган «эң көп жактырылган дүйнө лидерлери» тизмесинде биринчи орунду алды.

Катышуучулардын 60 пайызы президент Эрдоган тууралуу оң көз карашын билдирди.

Биринчи орунду Эрдоган алып, 54 пайыз менен Германиянын канцлери Ангела Меркель экинчи орунду, үчүнчү орунду болсо Орусиянын президенти В. Путин алса, төртүнчү орунду католик дүйнөсүнүн руханий лидери Папа Франциск, бешинчи орунду болсо АКШнын президенти Дональд Трамп алды.

Европа Биримдигинин Түндүк Македония менен кошулуу сүйлөшүүлөрүнүн башталышын вето кылган Франциянын президенти Еммануэль Макрон болсо тизменин акырында орун алды. Макрон тууралуу сурамжылоого катышкандардын 21 пайызы оң пикир билдиришти.



Тектеш кабарлар