Чавушоглу: «Сирияда режимдин кол салуусун токтотуш үчүн эмне керек болсо жасайбыз»

Черногорияга расмий сапар менен барган Чавушоглу, кесиптеши Срджан Дарманович менен биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1357597
Чавушоглу: «Сирияда режимдин кол салуусун токтотуш үчүн эмне керек болсо жасайбыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сириянын Идлиб шаарында Асад режиминин кол салууларын токтотуш үчүн Түркия эмне керек болсо жасай турганын баса белгиледи.

Черногорияга расмий сапар менен барган Чавушоглу, кесиптеши Срджан Дарманович менен биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Чавушоглу, кечээ режим күчтөрү тарабынан болгон кол салууда 5 Түрк аскеринин шейит болгонун эске салып, бул кол салуу жөн калтырылбай турганын айтты.

Чавушоглу: «Аскерлерибизди бутага алган ким болсо болсун эмне керек болсо жасадык, жасоону дагы улантабыз. Мунун астында калбайбыз, бирок эң маанилүүсү учурда Идлибдеги бул кол салуулардын токтотулушу, ок атпоонун туруктуу түрдө түзүлүүсү жана Сирияга саясий чечүүчү жолдун алып келиниши»,-деп айтты.

Адамдарды үйлөрүндө, ооруканаларда, мектептерде аесуз түрдө жок кылган кол салуулар болгонун баса белгилеген Чавушоглу: «Мунун токтотулушу үчүн эмне керек болсо жасайбыз»,-деди.

Чавушоглу, Сирияда режимдин кепилдери Орусия жана Ирандын, режимдин зөөкүрлүгүн токтотуусу керектигин баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу, президент Режеп Таййип Эрдоган жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрө турганын айтты.



Тектеш кабарлар