Эрдоган АКШнын бир беткей Жакынкы Чыгыш планына каршы чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурда «Израилдин басып алуусун соңуна чыгара турган таасирдүү стратегияга карай» темасы менен өткөрүлгөн Парламенттер аралык Кудс платформасына билдирүү жөнөттү.

1355861
Эрдоган АКШнын бир беткей Жакынкы Чыгыш планына каршы чыкты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурда «Израилдин басып алуусун соңуна чыгара турган таасирдүү стратегияга карай» темасы менен өткөрүлгөн Парламенттер аралык Кудс платформасына билдирүү жөнөтүп, АКШ башкаруучулугунун бир беткей Жакынкы Чыгыш планына каршылыгын көрсөттү.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө: «Дүйнө жүзүнүн күн тартибине жалган «Кылымдын планы» деген аталыш менен кирген жана Кудсту Израилдин борбору деп жарыялаган план, аймакта тынчтык жана ынтымакты коркунучка салган кыялдануудан башка нерсе эмес. Бул кыялдануунун ишке ашуусуна уруксат бере албайбыз»,-деп айтты.

Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мухаммед, Парламенттер аралык Кудс Платформасынын мүчөлөрү жана конференциянын катышуучуларына кайрылып жазган билдирүүсүндө Эрдоган, Парламенттер аралык Кудс Платформасынын «Израилдин басып алуусун соңуна чыгара турган таасирдүү стратегияга карай» аттуу үчүнчү конференциясынын максатына карай натыйжа алынгыдай түрдө өтүшүн тилегенин баса белгиледи.

Эң оболу ушундай мезгилде бул конференциянын өткөрүлүшүн туура жана маанилүү деп тапканын баса белгилеген Эрдоган: «Палестинанын жерлерин аннекциялоо түшүнүгүн берген Плестинаны толугу менен жок кыла турган жана Кудсту толугу менен басып алган бул планды тааныбайбыз. Көрүнүп тургандай эки мамлекеттүү чечүүчү жолду кабыл алган, бирок Израилдин басып алуусун Америка башкаруусунун карамагында мыйзамдаштыруу түшүнүгүн берген бул киришүүнү эч качан кабыл албайбыз. Палестина көп жылдар бою басып алуу, кыйратуу жана азап кайгыга дуушар болсо, Израиль адилетсиз жана мыйзамсыз түрдө бүгүнкү күндөгү чек араларына жетти. Түркиянын Кудстун аннекцияланышына үн катпай калуусу жана палестиналык туугандарын бул күрөштө жалгыз калтыруусу мүмкүн эмес. Дагы бир жолу баса белгилегим келет. Кудс кызыл чийинибиз болуп саналат. Мусулман лидерлер катары бул процессте биздин эң маанилүү милдетибиз Акса Мечитинин ыйыктуулугун коргоо, тынчтыктын чынар тереги Кудсту коргоо жана палестиналыктардын укуктарын жактоо болуп саналат. Жакынкы Чыгыш баш болгон бүткүл дүйнөгө таасир тийгизе турган процесстин башталгычы түшүгүн берген бул кадамга каршы, айрым Ислам өлкөлөрүнүн жүргүзгөн саясаттары капага салуучу көрүнүштү пайда кылды»,-деп кайрылды.



Тектеш кабарлар