Президент Р. Т. Эрдоган 4 - жолу Пакистан парламентине кайрылат

Президент Эрдоган 13 – 14 -  февралда Пакистанга расмий сапар менен барат.

1354557
Президент Р. Т. Эрдоган 4 -  жолу Пакистан парламентине кайрылат

Президент Р. Т. Эрдоган  4 -  жолу Пакистан парламентине кайрылат.

Президент Эрдоган 13 – 14 -  февралда Пакистанга расмий сапар менен барат.

Пакистан парламентинин астыңкы канаты Улуттук Парламенттин спикери Асад Каисер Эрдогандын зыяратында Улуттук Парламент жана сенатка кайрыларын билдирди.

Улуттук Парламенттеги отурумда сөз сүйлөгөн Каисер президент Эрдогандын 14 -  февралдагы биргелешкен отурумда сенатор жана депутаттарга кайрыларын белгилеп, бул тууралуу тийиштүү кесиптеги топтордун лидерлери менен жыйын өткөрөрүн да белгиледи.

Пакистанга премьер  - министр жана президент болгон мезгилдеринде 9 жолу сапар менен барган президент Эрдоган 2009 – 2012 – жана 2016 -  жылдары парламентте сөз сүйлөгөн.

Пакистан парламентинде эң көп сөз сүйлөгөн чет элдик лидер болгон Эрдоган менен 7 -  президент Кенан Эврен да пакистандык парламентарларга кайрылган.



Тектеш кабарлар