Алиев Эрдоганга көңүл айтты

Эрдоганга, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана түрк элине өзүнүн жана Азербайжан элинин атынан көңүл айтканын маалымдаган Илхам Алиев, жаракат алгандардын да тезирээк сакайып кетишин каалады.

1354737
Алиев Эрдоганга көңүл айтты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Вандын Бахчесарай районундагы кар көчкүдөн каза тапкандарга байланыштуу президент Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтты.

Алиев Азербайжандын Президенттик аппаратынын расмий интернет баракчасында жарыяланган билдирүүсүндө, Вандагы кар көчкү апаатында 41 кишинин каза тапканына катуу кайгыргандыгын белгиледи.

Билдирүүсүндө президент Эрдоганга, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө, жакындарына жана түрк элине өзүнүн жана Азербайжан элинин атынан көңүл айтканын маалымдаган Илхам Алиев, жаракат алгандардын да тезирээк сакайып кетишин каалады.

Бир тараптан Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги дагы Вандагы кар көчкү апааты жана Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» аэропортунда болгон учак кырсыгында каза тапкандар үчүн көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Министрликтин Твиттер баракчасында жарыяланган билдирүүдө: «Сиздин кайгыңыз биздин дагы кайгыбыз болуп саналат, тууганыбыз Түркия» деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар