АКШнын жалган тынчтык планы карта менен сынга алынды

Президент Р7 Т7 Эрдоган : «Бул тынчтык эмес басып алуу жана эреже бузуу планы»,- деди.

1353764
АКШнын жалган тынчтык планы карта менен сынга алынды

Президент Р. Т. Эрдоган АКШнын жалган тынчтык планын картада көрсөтүү менен сынга алды.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык планына токтолгон жана көптөгөн жылдардын ичинде Израиль баскынчылыгынын кандай жайылгандыгын картадан көрсөткөн Эрдоган : «Билдирилген пландын бир гана максаты 70 жылдан бери үзгүлтүксүз келе жаткан Израилдин басып алуу, кулатуу жана талап – тоноо саясаттарын мыйзамдаштыруу»,- деди.

«Бул тынчтык эмес басып алуу жана эреже бузуу планы»,- деген Эрдоган : «Кудс доосуна ээ чыгып жатабыз, тарыхыбыздын негизи эмен болсо аны аткардык, аткарабыз да»,- деди.

Пландын палестиналык качкындардын жерлерине кайтуу укугун тааныбай тургандыгын белгилеген Эрдоган : «Булар баскынчылар. Демек, Трамп бул баскынчылардын артында турат. Кудстун Палестинанын Израилдин кызыкчылыгы үчүн колдонулушун ким кабыл алат? АКШ керек болсо жеке мага, керек болс чалгындоо боюнча төрагага карата коркутууларды билдирүүдө. Түркияда кээ бир финансы мекемелерин да коркутууда. Эмне кылсаңар да мында ийгиликтүү боло албайсыңа»,- деди.

План тууралуу табышмактуу сөздөрдү колдонгон мамлекеттердин каршы чыгууларга карата башка мамиле кыла баштагандыгын баса белгилеген Эрдоган : «Бүгүн үнсүздүккө жамынуунун күнү эмес, Палестина доосуна жана Кудска ээ чыгуу күнү. Палестиналык боордошторубуз ыраазы болбогон планды эч качан колдобойбуз»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар