Эрдоган АКШнын жалган тынчтык планына сереп салды

Президент Эрдоган Украинадан өлкөгө кайтып келе жатканда учакта журналисттерге маалымат берди.

1353306
Эрдоган АКШнын жалган тынчтык планына сереп салды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планынын кандайдыр бир чечүүчү жолду таба албай тургандыгын баса белгиледи.

Эрдоган Украина сапарынан өлкөгө кайтып келе жатканда учакта журналисттерге маалымат берди.

«Биздин билдирүүлөрүбүздөн кийин Араб лигасы дагы оң билдирүү жарыялады»,-деген Эрдоган: «Жиддада Ислам кызматташтык уюмунун жыйыны бар эле. Ал жерге тышкы иштер министрибиз Мевлүт Чавушоглуну жибердик. Ислам кызматташтык уюму дагы бул планды четке каккандыгын кабарлады. Бул жакшы жагдай»,-деп сереп салды.

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен жума күнү сүйлөшүү өткөргөнүн эске салган Эрдоган, анын чечкиндүү экендигин байкаганын «Бул сүйлөшүүдөн кийин АКШга барам, ал жерде сүйлөшөм» дегенин айтты.

Президент Эрдоган: «Андан соң ишемби күнү Исмаил Хание менен сүйлөшүү өткөрүлдү жана алардын дагы чечкиндүү экендиктерин байкадым. Башкача айтканда баардыгы «Кудсту бербейбиз, бул баш денеден ажырамайынча Кудс берилбейт» деп айта турганчалык чечкиндүүлүк бар. Албетте буларды көргөндө таасирленүүдөбүз. Биздин ата-бабаларыбыз, мунун эң сонун мисалдарын ансыз деле көрсөткөн. Буюрса биз дагы өз милдетибизди аткарабыз. Трамп менен Нетаньяхунун жасагандары натыйжасыз болот. Булардан эч нерсе чыкпайт. Ал жерге таккелилерди чогултуп алышып, 3-4 араб элчи башка эч ким жок эле. Бул эл аралык келишимдин жыйынтыгы эмес. Ошондуктан биз дагы баардык лидерлерге абалды түшүндүрүп берүүдөбүз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар