Чавушоглу Түркиянын желегин айрыган грек эл өкүлү Иоаннис Лагоско катуу каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, бул тууралуу Твиттерден маалымат бөлүшүп, каршылык көрсөттү.

1350291
Чавушоглу Түркиянын желегин айрыган грек эл өкүлү Иоаннис Лагоско катуу каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Парламентинде (ЕП) Түркиянын желегин айрыган жикчил грек эл өкүлү Иоаннис Лагоско катуу каршылык көрсөттү.

Министр Чавушоглу, бул тема тууралуу Твиттерден бөлүшүүсүндө: «Даңазалуу желегибизге кол салган колдорду кантип сындырганыбызды, деңизге кантип төккөнүбүздү эң жакшы ушул жикчил баштар билишет. Европанын эрке, жикчил балдары тизгиндерин тартсын. Европа, Исламга каршы турууга жана жикчилдикке эми «токто» деп айтышы керек. Желегибиз бардык жерде намысыбыз менен желбирөөсүн улантат. ЕПнин да бул маскарапоз туурасында тийиштүү чараны көрүшүн күтүүдөбүз»,-деп айтты.

Жикчил грек эл өкүлү Иоаннис Лагос Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн ЕПнин пленардык жыйынынын «Грек аралдарында Адамзат абалы» темалуу отурумунда Түркиянын желегин айрыган.

Грек калкынын көчмөндөр тарабынан кол салууга дуушар болгонун айткан Лагос: «Бир тарапта да Түркия бар, эмне кааласа жасай алат. Өлкөбүзгө чубап көчмөндөр келүүдө. Мына бул Түрк желеги, муну менен эмне кылынат, айрылып ыргытылат. Эми муну соңуна чыгарышыбыз керек»,деген орой сөздөрдү айткан.



Тектеш кабарлар