Түркия:«АКШнын жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планы өлүү туулду»

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, АКШнын жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планы тууралуу маалымат берилди.

1349511
Түркия:«АКШнын жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планы өлүү туулду»

Түркия, АКШнын Палестина-Израиль маселесине «чечүүчү жол табуу» айтымы менен даярдаган жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планынын өлүү туулганын белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, «Бул план, эки мамлекеттүү чечүүчү жолду өлтүрүүнү жана Палестинанын жерлерин басып алууну максаттаган аннекция планы болуп саналат. Палестина калкы жана жерлери акча менен сатып алынбайт»,деген сереп салынды.

Кудс Түркиянын кызыл чийиндеринен бири болгонун баса белгилеген билдирүүдө,«Израилдин басып алуу жана зулумдугун мыйзамдаштырууга карай кадамдарга уруксат бербейбиз. Тууган палестин калкынын дайыма жанында болобуз. Палестинанын жерлеринде көз карандысыз Палестина үчүн иштөөбүздү улантабыз. Палестина кабыл албай турган эч бир планды колдобойбуз. Баскынчылык саясаттарын соңуна чыгарбастан Жакынкы Чыгышка тынчтык келбейт»,делди.

АКШнын президенти Дональд Трамп, кечээ жалган Жакынкы Чыгыш тынчтык планын жарыялап жатып, Кудстун Израилдин «бөлүнгүс» борбор шаары катары кабыл алына турганын жана пландын палестиналыктар үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болгонун айткан.



Тектеш кабарлар