Кытайдагы түрк жарандарын чыгаруу үчүн иштер баштатылды

Министрликтен берилген маалыматта министрлик жана Түркиянын Пекин элчилигинин аймактагы түрк жарандары менен байланышта экендиги, жарандарга карата маалымат берүү жана багыттоо бергендиги белгиленди.

1349569
Кытайдагы түрк жарандарын чыгаруу үчүн иштер баштатылды

Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Хубэй аймагында ортого чыккан оорудан улам бул аймакта жашаган түрк жарандарын чыгаруу  үчүн иш башташкандарын, саламаттык сактоо министрлигинин керектүү даярдыктарды көргөндүгүн билдирди.

Министрликтен берилген маалыматта министрлик жана Түркиянын Пекин элчилигинин аймактагы түрк жарандары менен байланышта экендиги, жарандарга карата маалымат берүү жана багыттоо бергендиги белгиленди.

Маалыматта : «Кытайдын Хубэй аймагындагы Ухань шаарында ортого чыккан жаңы коронавирустан улам башта Ухань жана Хубэй аймагындагы жарандарыбыздын жана үй  - бүлө мүчөлөрүнүн аймактан чыгышы үчүн иштер баштатылды. Ушунун алкагында саламаттык сактоо министрлигибиз керектүү бардык даярдыктарды көрдү. Кытай мекемелери менен да жакын байланыштабыз»,- деп билдирилди.

Министрликтин 27 -  январда Кытайга  саякат боюнча эскерткендиги эске салынган маалымат төмөнкүчө улантылды : «Жарандарыбыз мажбур болмоюнча Кытайга саякатка барбашы, Кытайда жашагандардын Хубэй аймагы жана оору болгон аймактардан алыс болуулары, чара көрүүгө көңүл буруулары, Кытай мекемелери, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, министрлигибиздин жана Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүбүздүн билдирүү жана эскертүүлөрүн жакындан иликтөөлөрүн сунуш кылабыз».  

Маалыматта Түркияда аныкталган коронавирустун жок экендиги баса белгиленип : «Шектүү бир кытайлык жүргүнчү 25 -  январь ишемби күнү өлкөсүнө кайра жиберилген. Саламаттыкты сактоо министрлигибиз өлкөбүзгө эл аралык кирүүлөр болгон бардык жерлерде элдин саламаттыгына карата керектүү чараларды көрдү»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар