Түркиянын Элазыг облусунда жер титирөө болуп өттү

Эрдоган, Элазыгда болгон 6,8 баллдык жер титирөө тууралуу маалымат бөлүштү.

1347038
Түркиянын Элазыг облусунда жер титирөө болуп өттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Элазыгда болгон 6,8 баллдык жер титирөө тууралуу, «Атуулдарыбыздын жан коопсуздугу камсыздалышы үчүн тийиштүү мекемелерибиз керектүү бардык чараларды көрүүдө»,-деди.

 Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын(AFAD)  көрсөткүчтөрүнө караганда Элазыгдын Сивриже районунда 6,8 баллдык жер титирөө катталды. Жер титирөө жердин 6,75 км астында саат 20:55те  болду.

Бул учурда Элазыгда 8 киши, Малатияда 6 киши каза болгону билдирилди.

 


Этикеткалар: #жер титирөө , #Элазыгда

Тектеш кабарлар