Мевлүт Чавушоглу : "Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркиянын укуктарын тебелетпейбиз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктарын эч кимге тебелетпей тургандарын айтты.

1344805

50 -  Дүйнөлүк Экономикалык Форуму Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлүүдө.

Саммитке катышкан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында суроолорго жооп берди.

Министр Чавушоглу Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги гидрокарбон издөө иштерине токтолгон Чавушоглу : «Биздин бургулоо иштерибиз эки  багытта улантылууда. Биринчиси континенталдык шельфтеги аянттар. Булар Кипр Рум бөлүгү  уруксат берген жерлер менен кагылышууда. Биз буларды талкуулабайбыз.  Бул жерде Кипр түрк калкынын да укугу бар экендигине эч ким нааразычылык билдире албайт»,- деди.

Кипр Рум бөлүгүнүн Европа Биримдигинин жакшы мамилеси менен бир тараптуу бургулоо иштеринин улантылып жаткандыгын белгилеген Чавушоглу : «Бургулоо кемебиз Карпаздын түштүгүндөгү бургулоо иштерин аяктап 8 -  аянтка барды. Бул жерлер Рум бөлүгү уруксат берген жерлер. Бул жерде кызматташууга даярбыз. Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркиянын укугун тебелетпейбиз. Аянтта да столдо да сүйлөшүүгө даярбыз»,- деди.

Тектеш кабарлар