"Тынчтык булагы" операциясы жүргүзүлгөн аймакта 3 аскер шейит болду
Улуттук коргоо министрлиги жол текшерүү учурунда бомбалуу унаа менен жасалган кол салууда 3 аскердин шейит болгондугун бидирди.
1342379
Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта 3 аскер шейит болду.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта жол текшерүү учурунда бомбалуу унаа менен жасалган кол салууда 3 аскердин шейит болгондугу белгиленди.
Маалыматта : «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейиттерибиздин кайгылуу үй - бүлөлөрүнө, түрк куралдуу күчтөрүнө, элибизге көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.