Мевлүт Чавушоглу : "Ливияда саясий чечүүчү жол табылганга чейин бул процессти колдойбуз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ливияда туруктуу саясий чечүүчү жол табылганга чейин ок атышпоо процессин колдошорун айтты.

1341391
Мевлүт Чавушоглу : "Ливияда саясий чечүүчү жол табылганга чейин бул процессти колдойбуз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ливияда туруктуу саясий чечүүчү жол табылганга чейин ок атышпоо процессин колдошорун айтты.

Мелүт Чавушоглу борбор шаар Анкарада Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фонду СЕТАнын «Глобалдык белгисиздик чөйрөсүндө түрк тышкы саясаты» деген паннелде сөз сүйлөдү. Сөзүндө Ливиядагы ок атышпоо тууралуу баа берген Чавушоглу : «Ливияда туруктуу саясий чечүүчү жол табылганга чейин бул процессти колдойбуз. Бир чындык бар Хафтер тынчтык каалабай жатат. Саясий процессти эмес, аскердик чечүүчү жолду каалап жатат»,- деди.

Чавушоглу  Түркия менен Ливиянын ортосунда 27 -  ноябрда кол коюлган деңиз карамагындагы аянттарды чектөөгө байланыштуу макулдашуу келишими тууралуу : «Ливияда  түзгөн келишим Түркиянын столдогу күчү. Жер Ортолук деңизде  Греция да болгон баары менен меморандум же келишим түзүүгө даярбыз. Негизгиси Түркия четке кагылбасын»,- деди.  Сөзүндө АКШ  -  Иран кризисине токтолгон министр Чавушоглу : «Ирак башка өлкөлөр үчүн кагылышуу аянтына айланбашы керек»,- деди. Чавушоглу Сириянын Идлиб аймагындагы ок атышпоо тууралуу : «Коопсуздугубузга кандайдыр бир коркунуч боло турган болсо биз керек болгон кадамдарды таштайбыз. Бул режимге карата коркутуу эмес»,- деди.



Тектеш кабарлар