Калын:«Ливиядагы тынчтык сүйлөшүүлөрү Түркиянын демилгеси менен башталды»

Борбору АКШда орун алган CNN International телеканалынын программасына конок болгон Калын, Ливиядагы акыркы абалдарга сереп салды.

1341126
Калын:«Ливиядагы тынчтык сүйлөшүүлөрү Түркиянын демилгеси менен башталды»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Ливияда кагылышкан тараптардын арасында ок атпоонун күн тартипке келгенин, мунун болсо Түркиянын демилгеси менен болгонун айтты.

Борбору АКШда орун алган CNN International телеканалынын программасына конок болгон Калын, Ливиядагы акыркы абалдарга сереп салды.

Калын, Түркиянын Ливия менен өтмүшкө таянган карым-катнаштары болгонун, Түндүк Африкада саясий ырааттуулукка маани бергенин белгиледи.

Эл аралык коомчулуктун зомбулуктун соңуна чыгарылышы үчүн чогулуусу керектигин баса белгилеген Калын, Түркиянын бул багытта күч жумшаганын айтты.

Түркиянын премьер-министр Файиз эс-Сарраж жетектеген Бириккен Улуттар Уюму багытындагы Улуттук ынтымак өкмөтү менен кызматташканын кеп кылган Калын: «Удаама-удаа көп сандаган келишимди бузган (мыйзамсыз куралчан топтордун лидери Халифе) Хафтер тарабы өлкөдө болуп жаткан бардык аскердик зомбулукка жооптуу»,деген серебин салды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 8-январда ок атууну токтотуу чакырыгын салганын жана Ливияда ок атпоо башталганын эске салган Калын, бирок келишимдин кеңирисин иштеп чыгуу керектигин, Хафтердин ок атпоонун атайын шарттарын карап чыгуу үчүн мөөнөт талап кылганын айтты.

БУУнун Ливия боюнча атайын өкүлү Гассан Саламенин иш-аракеттери оң кабыл алынганын, айрыкча Берлин процессине колдоо көрсөткөндөрүн айткан Калын, Түркиянын 19-январда Берлинде боло турган Ливия саммитинин алдында ок атпоонун камсыздалышы багытындагы иш-аракеттеринин күндемге жана кагылышуунун соңуна чыгарылышына жардамчы болоорун белгиледи.



Тектеш кабарлар