Египет полициясынын ААнын 4 кызматкерин кармап кетишине каршы чыгуулар...

Египеттин полициясы бүгүн Анадолу агенттигинин Каирдеги кеңсесин басып кирип бирөө Түркия атуулу 4 кызматкерин кармап кеткен.

1341525
Египет полициясынын ААнын 4 кызматкерин кармап кетишине каршы чыгуулар...

Президенттик аппараттын коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Анадолу агенттигинин (АА) Каирдеги кеңсесин Египеттин коопсуздук күчтөрү басып киргенин жана кызматкерлеринен айрымдарын кармап кеткенин катуу айыптады.

Алтун: «Египеттин төңкөрүшчүл бийлиги ААнын кызматкерлерине душманча мамиле кылышы алардын кандай чарасыз абалда экендиктерин көрсөтүп турат»,-деп билдирди.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын менен өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк да ААнын Каирдеги кеңсесине басып кирүүдөн улам агенттиктин башкы директору Шенол Казанжыга колдоолорун билдиришти.

Бул учурда Египеттин Анкарадагы элчи милдетин аткаруучу өкүлү ААнын Каир кеңсесиндеги кызматкерлеринин камакка алынышы боюнча Тышкы иштер министрлигине чакыртылып Түркиянын каршы чыгуусу билдирилди.

Египеттин полициясы бүгүн Анадолу агенттигинин Каирдеги кеңсесин басып кирип бирөө Түркия атуулу 4 кызматкерин кармап кеткен.



Тектеш кабарлар