Акар:«Түркиянын максаты Ливияда дагы, Сирияда дагы саясий чечүүчү жол менен тынчтыкты камсыздоо»

Борбор шаар Анкарада медиа уюмдары менен жолуккан жыйналышта Акар, Ливияда ок атпоо ыктымалдуулугунун калбаганына сереп салуулар туурасында: «Муну айтышыбыз керек, бул тууралуу иштер уланууда»,-деди.

1341503
Акар:«Түркиянын максаты Ливияда дагы, Сирияда дагы саясий чечүүчү жол менен тынчтыкты камсыздоо»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Түркиянын иш-аракетинин Ливияда дагы, Сирияда дагы саясий чечүүчү жол менен тынчтыктын, ынтымактын келиши, аккан кандын токтотулушу экенин айтты.

Борбор шаар Анкарада медиа уюмдары менен жолуккан жыйналышта Акар, Ливияда ок атпоо ыктымалдуулугунун калбаганына сереп салуулар туурасында: «Муну айтышыбыз керек, бул тууралуу иштер уланууда»,-деди.

Ливияда мындан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин жана анын тобунун иштеринин жыйынтыкталышын күткөндөрүн, алардын сүйлөшүүчүлөрүнүн орустар болгонун белгилеген Акар, Ливияда ок атпоо соңуна чыкканына карай маалыматтардын да аянтта жообу болбогонун белгиледи.

Хулуси Акар, Германиянын борбор шаары Берлинде боло турган Ливия конференциясынын кеңири катышуучусу боло турганын, Ливиядагы тараптардын да ал жерде боло турганын билдирип, конференциядан натыйжа чыгышы мүмкүн экенин айтты.

Акар: «Кечигүү менен болсо дагы (Ливиядагы мыйзамсыз куралдуу топтордун лидери Халифе) Хафтердин Берлинде бир чечимге келишин күтүүдөбүз. Каалаганыбыз тез арада ок атпоонун ишке ашуусу. Саясий чечүүчү жолду жактайбыз»,-деп айтты.

Идлибдеги ок атпоо темасына да токтолгон Акар, Асад режиминин аймакта кол салууларын улантканын билдирди.

Орустар менен коопсуз аянт, аймак түзүлүүсү жана элдин ал жерде кыш мезгилин өткөрүшү үчүн жолугушууларды өткөргөнүн белгилеген Акар, Түркиянын Идлиб чалгындоо пункттарынан чыгуусунун сөз болбогонун баса белгилеп, «Шайман, ок-дары менен жетиштүү түрдө күчтөндүрүлдү. Бул темада соодалашуу болбойт»,-деди.

Коргоо министри Акар, Ирак Парламентинин чет элдик аскерлердин жерлеринен чыгартылышы темасында чыгарган чечиминин алкагында расмий түрдө келген маалымат/талап болбогонун да кошумчалады.



Тектеш кабарлар