Түрк жана Орусия делегацияларынын Ливия тууралуу сүйлөшүүлөрү башталды

Дипломатиялык булактар ок атышпоо келишимине кол коюу ыктымалынын бар экендигин билдирди.

1339823
Түрк жана Орусия делегацияларынын Ливия тууралуу сүйлөшүүлөрү башталды

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана улуттук коргоо министри Хулуси Акар орус кесиптештери Сергей Лавров жана Сергей Шойгу менен Ливия тууралуу жыйынды баштады.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик Конок Үйүндө өткөн жолугуушууда Ливияда тынчтык жана ырааттуулукту түзүү аракеттери сүйлөшүлөт.

Ливиялык тараптын өкүлү мыйзамдуу башкаруу Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн премьер  - министри Файиз ес  - Серраждын жана ливиялык козголоңчу аскер Халифе Хафтердин да Москавада  сүйлөшүү өткөрүшү күтүлүүдө.

Дипломатиялык булактар ок атышпоо келишимине кол коюу ыктымалынын бар экендигин билдирди.

Ошол эле учурда тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, улуттук коргоо министри Акар жана Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидандан турган түрк делегациясы Москвада Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн премьер министри Файиз Ел Серраж менен жолугушту.

Президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин 8 -  январда Ливиядагы бардык тараптарды ок атышпоого чакырган.

Ливияда Улуттук ынтымактык өкмөтү менен кагылышкан Хафтер күчтөрүнүн кабыл алышы менен ок атышпоо 12 -  январда ишке кирген.



Тектеш кабарлар